Келечек.Клуб онлайн билим берүү порталы

Бул платформада биз бирге үйрөнөбүз жана үйрөтөбүз.

Онлайн курстар

Практикага негизделген, структураланган билим.

Ыңгайлуу формат

Телефон же компьютерден каалаган убакта оку.

Жандуу жолугушуулар

Жаңы темалар жумасына бир нече жолу Zoom аркылуу.

Жабык коомчулук

Үйрөнүүнү каалагандар үчүн колдоо чөйрөсү.

Shape Images
Shape Images
Shape Images
Биз жөнүндө

Билим алдында биригели

Үйрөнөм, жумушка кирем деген келечек адистердин жабык коому. Өзүбүздүн эле чөйрө. Биз бири-бирибизге жардам берип, жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Клубга кошулган мүчөлөр ар кайсы деңгээлде: жаңы баштагандар да бар, иштегендер да, өз алдынча изденип жүргөндөр да. Биздин мүчөлөр — бул сенин командаң. Суроо бер, идея бөлүш, түшүнбөгөнүңдү тартынбай айт. Бул жерде баарыбыз үйрөнүп жатабыз.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбо, өзүң менен билимиңди бөлүшө аласың. Биз жашоодо топтогон тажрыйбабызды башка адамдар менен бөлүшүп, бирге өсүүнү максат кылабыз. Ошондуктан, биз атайын жабык клуб түздүк – бул жерде жаратмандар, окутуучулар жана үйрөнүүнү каалагандар чогулат.

Клубга кошулуу акы төлөнөт, анткени: сапаттуу билим, жаңы технологиялар, ишенимдүү чөйрө, жана жандуу байланыш үчүн туруктуу ресурс керек. Бул жөн эле платформа эмес – бул Келечекти түзүүчү коомчулук.

Жумасына 2–3 жолу онлайн жолугушабыз. Ар бир сессияда жаңы темаларды өтөбүз, практика кылабыз. Эгер түз катышууга мүмкүнчүлүк болбосо — видеолордун записьтери бар. Андан тышкары текст материалдар жана тапшырмалар. Каалаган убакта, каалаган жерден — телефондон же компьютерден окуй бер. Жөн гана пайдалуу билим, өзүңө окшогондордун айланасында болуу жана чогуу өсүү мүмкүнчүлүгү.

Актуалдуу курстар

Клубдун катышуучулары үчүн

Backend (Java)

  • Live
  • 25 тема
Пн, Ср, Пт
Берлин 17:00 | Бишкек 21:00
0 € 150 €

Frontend (React)

  • Live
  • 7 тема
Вт, Чт
Берлин 17:00 | Бишкек 21:00
0 € 100 €

Deutsch A1

  • Live
  • 11 тема

Пн, Ср, Пт
Берлин 08:00 | Бишкек 12:00

0 € 50 €

Клубга кошулуу

Кошулуу акысы клубдун ресурстарын каржылоо жана өнүктүрүү үчүн колдонулат.

Баасы

5000 сом же
50 € / айына

Бул баага эмнелер кирет?

  • Сен тандаган бир курска доступ
  • Баардык курстарды live көрүү
  • Суроолорго жооп
  • Клубдун мүчөлөрүнүн тайпасы
  • Практикалык тапшырмалар
  • Жумуш издөөгө жардам
Улам түшүнбөй калган нерселерге

Суроо - жооп

Жок, анткени биз ар бир катталган адам үчүн ресурстарды сарптайбыз. Ошондуктан клубга кошулууну жана курска катышууну чечкен болсоңуз, төлөм жүргүзүлгөн соң кеминде бир ай клубда болуу талап кылынат.

RSS

Салам, мен Чынгыз! Бишкекте жашайм, 27 жаштамын. Фронтенд багытын үйрөнгөм, учурда Java тилин өздөштүрүп жатам. Бүгүн мен Java’ны кантип тез, жеңил жана эффективдүү үйрөнүп жатканымды бөлүшкүм келет. Балким, бул тажрыйбалар сага да пайдалуу болуп калат.