Келечек.Клуб онлайн билим берүү порталы

Бул платформада биз бирге үйрөнөбүз жана үйрөтөбүз.

Онлайн курстар

Практикага негизделген, структураланган билим.

Ыңгайлуу формат

Телефон же компьютерден каалаган убакта оку.

Жандуу жолугушуулар

Жаңы темалар жумасына бир нече жолу Zoom аркылуу.

Жабык коомчулук

Үйрөнүүнү каалагандар үчүн колдоо чөйрөсү.

Shape Images
Shape Images
Shape Images
Биз жөнүндө

Билим алдында биригели

Үйрөнөм, жумушка кирем деген келечек адистердин жабык коому. Өзүбүздүн эле чөйрө. Биз бири-бирибизге жардам берип, жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Клубга кошулган мүчөлөр ар кайсы деңгээлде: жаңы баштагандар да бар, иштегендер да, өз алдынча изденип жүргөндөр да. Биздин мүчөлөр — бул сенин командаң. Суроо бер, идея бөлүш, түшүнбөгөнүңдү тартынбай айт. Бул жерде баарыбыз үйрөнүп жатабыз.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбо, өзүң менен билимиңди бөлүшө аласың. Биз жашоодо топтогон тажрыйбабызды башка адамдар менен бөлүшүп, бирге өсүүнү максат кылабыз. Ошондуктан, биз атайын жабык клуб түздүк – бул жерде жаратмандар, окутуучулар жана үйрөнүүнү каалагандар чогулат.

Клубга кошулуу акы төлөнөт, анткени: сапаттуу билим, жаңы технологиялар, ишенимдүү чөйрө, жана жандуу байланыш үчүн туруктуу ресурс керек. Бул жөн эле платформа эмес – бул Келечекти түзүүчү коомчулук.

Жумасына 2–3 жолу онлайн жолугушабыз. Ар бир сессияда жаңы темаларды өтөбүз, практика кылабыз. Эгер түз катышууга мүмкүнчүлүк болбосо — видеолордун записьтери бар. Андан тышкары текст материалдар жана тапшырмалар. Каалаган убакта, каалаган жерден — телефондон же компьютерден окуй бер. Жөн гана пайдалуу билим, өзүңө окшогондордун айланасында болуу жана чогуу өсүү мүмкүнчүлүгү.

Актуалдуу курстар

Клубдун катышуучулары үчүн

Backend (Java)

  • Live
  • 25 тема
Пн, Ср, Пт
Берлин 17:00 | Бишкек 21:00
0 € 150 €

Frontend (React)

  • Live
  • 7 тема
Вт, Чт
Берлин 17:00 | Бишкек 21:00
0 € 100 €

Deutsch A1

  • Live
  • 11 тема

Пн, Ср, Пт
Берлин 08:00 | Бишкек 12:00

0 € 50 €

Клубга кошулуу

Кошулуу акысы клубдун ресурстарын каржылоо жана өнүктүрүү үчүн колдонулат.

Баасы

5000 сом же
50 € / айына

Бул баага эмнелер кирет?

  • Сен тандаган бир курска доступ
  • Баардык курстарды live көрүү
  • Суроолорго жооп
  • Клубдун мүчөлөрүнүн тайпасы
  • Практикалык тапшырмалар
  • Жумуш издөөгө жардам
Улам түшүнбөй калган нерселерге

Суроо - жооп

Жок, анткени биз ар бир катталган адам үчүн ресурстарды сарптайбыз. Ошондуктан клубга кошулууну жана курска катышууну чечкен болсоңуз, төлөм жүргүзүлгөн соң кеминде бир ай клубда болуу талап кылынат.

Java’ны кантип эффективдүү үйрөнүп жатам?

Салам, мен Чынгыз! Бишкекте жашайм, 27 жаштамын. Фронтенд багытын үйрөнгөм, учурда Java тилин өздөштүрүп жатам. Бүгүн мен Java’ны кантип тез, жеңил жана эффективдүү үйрөнүп жатканымды бөлүшкүм келет. Балким, бул тажрыйбалар сага да пайдалуу болуп калат.

1. Сабак өтө электе алдын ала үйрөнүү

Жаңы теманы Агай түшүндүрө электе эле Ютубдан видеолорду көрүп, практика жасап коём. Бул ыкманын артыкчылыктары:
    •    Сабак мага жаңы угулгандай болбойт — мурунтан эле тааныш болуп калат.
    •    Агайдын түшүндүргөн логикасын оңой түшүнөм.
    •    Колум код жазууга көнүп калат, көзүм да машыгат.
    •    Теманы терең жана бат сиңирип алам.

2. Мамиле түзүү жана суроо берүү

Агай менен да, группадагылар менен да жакшы мамиле түзүүгө аракет кылам. Менден жакшыраак билгендерге биринчи кадам таштап достошом. Түшүнбөгөн жерлеримди сурап, тартынбай үйрөнөм. Мындай достор менен чогуу отуруп, бири-бирибизге жардам берип турабыз.

3. Группалаштарга жардам берүү

Кээде бирөөгө түшүндүрүп берүү менен өзүм да теманы жакшыраак түшүнүп калам:
    •    Түшүнгөн нерсем бекемделет.
    •    Өзүмө болгон ишенимим артат.
    •    Жаңы достор пайда болот.

4. Көп практика кылуу

Айрым темаларды теория менен түшүнүү кыйын. Мындай учурда сөзсүз түрдө көп-көп практика жасайм. Канчалык көп код жазсам, ошончолук темалар так билинип калат.

Бул ыкмаларды азыр Java’ны үйрөнүүдө толук колдоно элек болсом да, мурда фронтенд үйрөнүп жатканда дал ушул эле принциптерди колдонуп жакшы жыйынтык алганмын.

Эгерде суроолоруң болсо — тартынбай жаз! Билимди чогуу үйрөнүүгө ар дайым даярмын. Эгер бул макала пайдалуу болсо — абдан кубанычтамын. Өз кеңештериң менен да бөлүшүп кет 👇 🚀

Дневники