Келечек.Клуб

Своилер үчүн жеткиликтүү билим

Үйрөнөм, жумушка кирем деген келечек адистердин жабык коому. Өзүбүздүн эле чөйрө. Биз бири-бирибизге жардам берип, жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Клубга кошулган мүчөлөр ар кайсы деңгээлде: жаңы баштагандар да бар, иштегендер да, өз алдынча изденип жүргөндөр да. Биздин мүчөлөр — бул сенин командаң. Суроо бер, идея бөлүш, түшүнбөгөнүңдү тартынбай айт. Бул жерде баарыбыз үйрөнүп жатабыз.

Жумасына 2–3 жолу онлайн жолугушабыз. Ар бир сессияда жаңы темаларды өтөбүз, практика кылабыз. Эгер түз катышууга мүмкүнчүлүк болбосо — видеолордун записьтери бар. Андан тышкары текст материалдар жана тапшырмалар. Каалаган убакта, каалаган жерден — телефондон же компьютерден окуй бер. Жөн гана пайдалуу билим, өзүңө окшогондордун айланасында болуу жана чогуу өсүү мүмкүнчүлүгү.

Backend (Java)

Пн, Ср, Пт
Берлин 17:00
Бишкек 21:00

Frontend (React)

Вт, Чт
Берлин 17:00
Бишкек 21:00

Deutsch (A1.1)

Пн, Ср, Пт
Берлин 08:00
Бишкек 12:00

Германияга көчүү

Сб / Вс
Берлин 17:00
Бишкек 21:00

Айына 50 €
  1. Бул суммага айына бир курсту тандап ал
  2. Эгер нөлдөн баштасаң, записьтерди көрүп үйрөн
  3. Команда сага дайыма жардам берет
  4. Тапшырмаларды телефондон эле аткарсаң болот
  5. Жолугушууларда улам жаңы темаларды өтөбүз
  6. Лекция бүткөн соң чогуу практика кылабыз
  7. Түшүнбөй калган суроолоруңа жооп аласың
  8. Клубдун мүчөлөрү өз тажрыйбасы менен бөлүшөт
  9. Реалдуу жумуш атмосферасын өз көзүң менен көрөсүң
  10. Төлөм кайтарылбайт, чечимди ойлонуп кабыл ал
  11. Кошулгандан кийин, айдын аягына чейин толук катыш!

: 0 / 280

: 0 / 280

Суроо - жооп

Азамат агай

Саламатсыңбы!

Менин атым Азамат. Германияда 2016-жылдан бери жашайм жана 2009-жылдан бери Full Stack Web Developer болуп иштейм. Күндөлүк жумушумда Java жана React колдонуп веб-сайттарды түзөм.

Эми болсо өз тажрыйбамды бөлүшүп, сени IT дүйнөсүнө алып келүүнү каалап Келечек.Клуб ачтым. Мени менен чогуу веб-сайт жасоону үйрөнүп, башка программисттер менен пайдалуу нерселерди жасоого умтул!

Сени да курска кошулууга чакырам. Кандай дейсиң?

Отзывтар

Мен ачыгын айтсам Java программалоо тили мен үчүн башында  таптакыр башка дүйнөдөй сезилген🙈. Бирок курстун башталганына 1 ай   болгонуна карабастан   башталгыч темаларды жакшы өздөштүрө алдым. Мунун себеби Азамат агайдын сабакты жөнөкөй методдо өткөнүндө деп эсептейм. Ар бир өтүлгөн теорияларды  дароо практика түрүндө колдонуп  иштегенибиз ,  мен үчүн аябай эффективдүү болду.😊 Сабактар жана үй тапшырмалар жөнөкөй түшүнүктүү структурада түзүлгөн. 👍 Эн негизгиси агайдын ар бир студентге  индивидуалдуу караганы жана   суроолорго  ар дайым ачык караганы. Кээ бир темалардын комплекстүү болгонуна карабастан, Азамат агай ар түрдүү күнүмдүк жашоодогу мисалдар менен түшүндүрүп бергени мен үчүн пайдалуу болду. Жалпысынан курс позитивдүү атмосферада өтүп жатат 😇. Ушул тармакта окугусу келип жүргөндөр ойлонбой катышкыла демекчимин.👌

Мен Азамат Токтакунов агайдын жеке курсуна Java программалоо тилин үйрөнүү максатында жазылгам. Программалоого кызыгып коп убактан бери сапаттуу курстарды карап жургонмун, бирок кайсыл программалоо тилин уйронууну билбей жатканмын. Эмнегедир Java программалоо тили аябай кыйындай сезилчу бирок бул курсту окуп баштагандан бери тереңирээк түшүнүп кызыгуум артып калды. Анткени курстун структурасы абдан жакшы түзүлгөн – теория жана практика айкалышкан. Түшүндүрмөлөр так жана жеткиликтүү, айрыкча жаңы баштагандар үчүн абдан ыңгайлуу. Агайдын сабакты түшүндүрүү стили да женил, так жана жеткиликтүү экен. Курсту окуганыма бир ай болсо да абдан пайдалуу болду, мен Java боюнча жакшы негиздерди алып жатам. Алдыда курсту дагы улантып окумакчымын.  Агайга чоң рахмат, бул курсту башкаларга да сунуштайм!

Мен дагы Азамат Токтакунов агайдын Java курсунда окуп жатамын. Ушул бир айдын ичинде курста мен үйрөнгөн нерселерди кыскача айтып берейин.

Биринчи кезекте, курстун кыргыз тилинде болгондугу, Азамат агайдын көп жылдык тажырыйбасы менин праграммалоодогу пайдубалымды түптөөгө чоң жардам берип жатат деп эсептеймин. 

Курс башталганда эле код жазууну үйрөнө баштадык. Учурда программалоонун негиздерин өздөштүрүп, IT кызматкерлери колдонгон GitHub сыяктуу программалар менен иштеп жатабыз. Мындан сырткары, дүйнөдө өнүгүп жаткан нейро түйүндөрдү колдонуу, жумушка кирүү үчүн туура резюме даярдоону да үйрөнүп жатабыз.

Ошондой эле, Азамат агай бизге программалоону үйрөнүүдөгү кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңүү жолдорун жана натыйжалуу окуу ыкмалары менен бөлүшүп жатат.

Менин жыйынтыктап айтарым, бул катардагы курстардай курс эмес, программист болууну каалагандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк!

Честный отзыв о Java курсе для начинающих Азамата Токтакунова

Java курс для начинающих я изучаю месяц, очень доволен методом преподования и профессионализмом Азамата Токтакунова. Что мне особенно нравится, так это его отзывчивость и индивидуальный подход. Если у кого-то возникает вопросы, он всегда готов объяснить еще раз, разобрать непонятные моменты. Также в обучении большое внимание уделяется практике – это помогает быстрее освоить язык программирования и применить знания на деле. 

Еще одним важным преимуществом курса является поддержка в вопросах трудоустройства. Азамат агай не только помогает разобраться в программировании, но и консультирует по составлению резюме, дает рекомендации по поиску работы и адаптации в сфере IT. Это особенно ценно для тех, кто планирует переезд в Германию или хочет начать карьеру в IT.

В целом, курс оставляет исключительно положительные впечатления, я однозначно рекомендую этот курс.

Менин атым Бекболот, 28 жаштамын, Мен Германияда жашаганыма үч жылдан ашты. Ушул убакыттан бери IT тармагына кирип, жумушка орношсом деп кыялданып жүргөм. Бирок жашоодо алаксыта турган нерселер көп экен, убакыт зымырап өтүп кетет экен. Биз кыялданган максаттар ошол боюнча кыял бойдон кала берет экен  буга чейн Көп курстарды окугам – онлайн да, офлайн да. Башында жакшы баштайсың, мотивация бар, кийин , шылтоо көбөйөт, окууну таштайсың. Анан кайра эле курс күнөөлүү болуп калат. Бирок чындык – өзүбүз деле күнөөлүбүз. Эч нерсе өзүнөн өзү келбейт экен, аракет кылыш керек экен.

Азамат агайдын курсуна келгенде башкача болду. Себеби бул жакта адамдык мамиле бар. Агай өзү ишенет, өзү да жашоону баштан өткөзгөн, ошон үчүн түшүнөт. Бул жакта шарттар ар кандай: акчаң жокпу — күтөт, телефон менен окуйсуңбу — болот, бош эмессиңби — запись бар. Эч кандай шылтоо өтпөйт.

Java оңой тил эмес, бирок бул курста турмуштан мисал менен, түшүнүктүү тил менен үйрөтөт, Оку дегенде эле "мен түшүнбөй калам го" дебе — бул жакта түшүндүрүп берет, кайра-кайра айтса да тажабайт. 

Мен азыр чындап ишенип коркпой жумуш издеп баштадым : эгер аракет кылсам, баары болот экен. Эми убакытты текке кетирбей, баштагамды аягына чыгарам.

Мен учурда Азамат агайдын Java Start курсун окуп жатам. Курс абдан кызыктуу жана пайдалуу өтүп жатат. Мага эң жаккан жери — Азамат агайдан Java тилин эле эмес,  андан тышкары IT тармагына байланыштуу көптөгөн баалуу билимдерди жана кеңештерди алып жатканыбыз. Агай 15 жылдан ашык тажрыйбасы менен бөлүшүп, бизди жөн гана программист эмес,  реалдуу маселелерди чече алган адис болууга багыттап жатат. Мен бул курсту тандаганыма кубанычтамын, алган билимдерибизди иш жүзүндө  колдонобуз деп толук ишенем 🚀🚀🚀.